17:49 28 февраля 2020

«ОшМУ мырзасы-2020» сынагында Урматбек уулу Сыймык жеңүүчү аталды

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата окуу жайдын социалдык жана тарбия департаменти тарабынан «ОшМУ мырзасы-2020» сынагы 27-февраль күнү «Кыргызстан» кинотеатрында болуп өттү.

Сынактын шарттарына ылайык, университеттин факультеттеринен, колледждеринен мыкты деп тандалып алынган 13 мырза IV турда өз чыгармачылыктарын тартуулашты.

Жыйынтыгында искусство факультетинин студенти Урматбек уулу Сыймык «ОшМУ мырзасы-2020» номинациясына ээ болуп, ноутбук менен сыйланды.

Юридика факультетинин студенти Смадияров Темирбек 2-орунду ээлесе, математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Маметназаров Маметтурсун жана педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенти Жеңиш уулу Примберди 3-орунду ээлешти.

Маметназаров Маметтурсун ошондой эле социалдык тармактарда өткөн сурамжылоодо «Instagram мырзасы-2020», «Facebook мырзасы-2020», Жеңишбек уулу Примберди «ОшМУнун күчтүү мырзасы» номинацияларына ээ болушту.

Сынакта жеңүүчү болгон мырзаларга университет тарабынан ноутбук, диплом, уюлдук телефондор, «Семетей» кинотеатрына сертификаттар жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бардык катышуучуларга окуу жай тарабынан дени сак болууга үндөгөн велосипеддер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть