15:37 29 февраля 2020

Өзгөн институту жумуш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутуу боюнча иш-чараларды күчөтөт

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда 27-февраль күнү Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) «Жумуш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутуу» программасынын алкагында социалдык өнөктөштөр ортосунда өз ара кызматташуу боюнча тегерек стол уюштурулуп, атайын меморандумга тогуз тараптуу кол коюлду. Анын ичинде ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту башкы өнөктөш болуп саналат.

Аталган программа пилоттук шаарлардагы социалдык өнөктөштөргө колдоо көрсөтүп келет, анын ичинде Өзгөн шаарындагы жаштарга кесипке багыт жана кеңеш берүү боюнча иш алып барат. Бул иш-чаралар пилоттук региондордо адистик тандоо жагынан маалымдуу болуш үчүн социалдык-өнөктөштүк системаны түзүү болуп эсептелет. Иш-чараларды өткөрүүдө, жумушка үйрөтүүдө кесипке багыт берүү иштерди жүргүзө алуучуларга жана консультация берүүчүлөргө көмөк көрсөтөт. Пилоттук мектептерде кесипке багыт берүүнүн 5 баскычтуу модели киргизилет, ал эми иш менен камсыз кылуу жумуштарында мектеп окучууларына жана жаштарга профориетациялык жактан маалымат берүү үчүн системалык иш жүргүзүлүп, шаардагы окучуулардын жана жаштардын арасында кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү боюнча негизги иштер алып барылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть