8:48 9 марта 2020

Майлуу-Суудагы №5 «Рахат» бала бакчасында Ак калпак күнүнө карата сабак өтүлдү

Майлуу-Суу шаарындагы №5 «Рахат» бала бакчасында Ак калпак күнүнө карата кыргыз тилинен жогорку тайпанын балдарына сабак өтүлдү.

Сабакта «Менин Кыргызстаным» деген темада бурч уюштурулду. Мугалим ак калпак тууралуу кыскача баяндама берди.

Сабак гимн менен башталып, окуучулар Кыргызстан жана ак калпак тууралуу ырларды ырдап, көркөм окууларды аткарып, бийлешти. Кыргыздын салт-санаасына, үрп-адатына байланышкан «Жолук таштамай», «Көз байламай», «Күрөш», «Чүкө» оюндарын ойношту. Ошондой эле ак калпактын сүрөтүн тартышып, мурда өздөштүрүлгөн кол өнөрчүлүктүн негизинде мугалим менен бирдикте кыргыз оймо-чиймелерин жасашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть