М.МАдышев атындагы Ош технологиялык университетине Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Д.Устинов атындагы Балтия мамлекеттик техникалык ВОЕНМЕХ университетинин делегациясы иш сапары менен келишти.
Иш сапардын алкагында алар ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Жолугушууга Д.Ф. ВОЕНМЕХ университетинин ректору Константин Иванов, университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректору Вясеслав Бородавкин, ректордун жардамчысы Олег Киреев, Кыргызстандагы Россия кызматташтыгынын жетекчисинин орун басары Василий Алексеев, Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чарада аталган окуу жай менен кызматташуунун жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары ОшТУ аталган окуу жай менен кызматташат.