10:51 12 марта 2020

ОшМУда ички мобилдүүлүктөн өтүп жаткан студенттер ректор менен баарлашты

Ички мобилдүүлүк боюнча «Ош декларациясынын» жана эки тараптуу келишимдердин негизинде өнөктөш ЖОЖдордон ОшМУга 2019-2020-окуу жылынын экинчи семестрин окуганы келген студенттер менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугушту.

Жыйынды Эл аралык байланыштар боюнча департаменттин директору Абдыганы Абдувалиев алып барды жана ректорго 2016-2020-окуу жылдарда ички окуу жайлардан ОшМУга келген студенттер боюнча кыскача маалымат берди.

Өз сөзүндө Кудайберди Кожобеков студенттик мобилдүүлүк билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана окуу жайлардын ортосундагы байланыш-катышты чыңдоодо маанилүү экендигин белгилеп, азыркы министр Каныбек Исаков көтөргөн «Ош декларациясын» түзүү демилгеси туура чечим болгондугун билдирди. Ошондой эле ал конок студенттерге окуу жай бардык жагынан ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр экендигин айтып, аларды ОшМУдан сапаттуу билим алып, тажрыйба топтоп, жаңы досторду таап, Ош шаарынын кооз жерлерин көрүп, элдин салт-санаасы, жашоо образы менен таанышып кетүүгө чакырды. Мындан тышкары, ал студенттердин университет туурасындагы ой-пикирлерин, сунуштарын угуп, суроолоруна жоопторду берип, окууларына ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар бир окуу жайдан бирден студент сөзгө чыгып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн жетекчиликке ыраазычылыктарын билдиришип, окуу процессине, жатаканага байланыштуу сунуштарын айтышты. Алар ОшМУда окуу сыймыктуу экендигине, өз ишин так аткарган окутуучулар сабак берип жаткандыгына жана тайпалаштары менен бат эле тил табышып, достошуп кетишкендигине да токтолуп өтүштү.

Бул семестрде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 9, Ысык-Көл мамлекеттик университети – 6, Кыргыз экономикалык университети – 1, Кыргыз улуттук университети – 1, Нарын мамлекеттик университети – 2, Талас мамлекеттик университети – 7, Кыргыз-Өзбек университети – 1, Ош гуманитардык педагогикалык институту – 4, Баткен мамлекеттик университети – 11 студент жиберип, жалпысынан 42 студент окуп жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть