8:14 19 марта 2020

ОшТУда окуучулар арасында сынак болуп өттү

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин «Бизнес информатика жана маалыматтык экономика» кафедрасы тарабынан 9-11-класстардын окуучуларынын арасында 14-мартта сынак болуп өттү.

Сынак «Коомдогу маалыматтык технологиялардын орду», «Санариптүү өлкө – кандай өлкө?», «Экономикадагы маалыматтык технологиялардын колдонулушу», «Бүгүнкү күндөгү компьютердик технологиянын чеги», «Телефон иштетүүнүн маданияты» жана «Маалымат технологиясындагы бизнес» аталышындагы темалар боюнча уюштурулду.

Окуучулардан аталган темалар боюнча баяндама, дилбаян, эссе жазып, презентация жасашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

I даражадагы диплом – Эсенкулова Нурай (2000 сом)

II даражадагы диплом – Ганыбаева Акзыйнат (1000 сом)

III даражадагы диплом – Акылбек кызы Айпери жана Ражапова Мээримгүл (500 сом)

Калган катышуучуларга сертификаттар берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть