11:24 18 марта 2020

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпустары, жатаканалары жана ашканалары дизинфекцияланды. Бул тууралуу окуу жайдын административдик чарба иштери боюнча проректору Салмоорбек Уметов билдирди.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин чечимин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун ишке ашыруу максатында 14-март күнү административдик жана окуу корпустарын дезинфекциялоо иштери башталган. Шаардык санэпидемстанция менен кошумча келишим түзүлүп, иштер аткарылды. Алдыда дагы тийиштүү чаралар көрүлөт.

Ректордун 2020-жылдын 16-мартындагы буйругуна ылайык, окуу процесси убактылуу токтотулуп, он-лайн окутуу формасы колго алынып, каникул учурунда студенттер үчүн окуу процесси дистанттык түрдө өтүлө баштады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть