13:15 20 марта 2020

ЖАМУда студенттерге билим берүү онлайн режиминде жүргүзүлүүдө

Бүгүнкү күндө өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад мамлекеттик университеттинде окуу процесси 16-марттан баштап Коопсуздук кеңешинин чечимине жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, онлайн режиминде жүргүзүлүүдө.

Күндүзгү бөлүмдөрдө окуган студенттер үчүн окуу процессинин лекциялык жана теориялык сабактары окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу (http://avn.jagu.kg «Билим берүү порталы», KelBil тиркемесинде электрондук жадыбалдар түзүлөн, катышуу колго алынды, Telegram, Whatsapp ж.б. жана Жалал-Абад колледжинин студенттерине кошумча https://multiurok.ru/ сайтында) менен жүргүзүлө баштады.

Окуу жайдын жетекчилигинин жарлыгы менен окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан, ЖАМУнун https://avn.jagu.kg билим берүү порталынын негизинде лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактарды өтүү профессордук-окутуучулук курамга милдеттендирилди. Билим берүү порталына KELBIL мобилдик системасында түзүлгөн электрондук жадыбалдын негизинде окуу материалдарын жайгаштырып, on-line режиминде иштөө жөнгө салынды.

Декандар, директорлор, кафедра башчылары жана профессордук-окутуучулар курамы студенттер менен байланышты күчөтүшүп, ички жана тышкы мобилдүүлүк менен келген (башка ЖОЖдордо окуп жаткан) студенттер менен байланышып, окуу проццесине тиешелүү иш-чараларды аткарышууда.

ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамы буга чейин эле санариптештирүүнүн талабына ылайык лекцияларын, практикалык, лабораториялык иштелмелерин, окуу усулдук комплекстерин, өз алдынча иштердин иштелмелерин, курстук иштердин тапшырмаларын, тесттик тапшырмаларды билим берүү порталына жүктөшкөн. Бул портал менен иштөө студенттер менен да колго алынган.

http://avn.jagu.kg билим берүү порталында иштөөнү колго алуу максатында ЖАМУнун ички тармактык системасындагы «маалымат алмашуу» серверине колдонмо жайгаштырылып, көзөмөлгө алынууда.

Билим берүү порталында окутуучулар менен студенттердин электрондук жадыбалга ылайык иштеп жаткандыгын окуу бөлүмү, деканат, кафедралар көзөмөлгө алууда. Профессордук-окутуучулар курамын менен студенттердин порталда иштеп жаткандыгын ар бир колдонуучунун тушундагы атайын белгинин жардамында билүүгө болот.

Ар бир окуу жумалыгынын жыйынтыгында тиешелүү отчеттор алынаары буйрукта көрсөтүлгөн.

Прикрепленные документы (1):

ЖАМУда билим берүү_сайтка.doc
2382 KB
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть