Ош мамлекеттик университети жалпы жамаатынын колдоосу менен коронавирусту алдын алуу иш-чаралары үчүн профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысынын эсебинен 700 миң сом акча каражатын бөлдү.
Каражат 24-мартта коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке которулду. Мындай чечим жетекчиликтин демилгеси, окуу жайдын жалпы жамаатынын колдоосу менен ишке ашты.
«Бүткүл дүйнө элине кооптуу болгон бул илдеттен айтылып жаткан эрежелерди сактоо жана бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, дүрбөлөңгө алдырбай, тынчтыкты, санитардык эрежелерди сактоо менен гана жеңе алабыз. Андыктан, ар бир жамаатыбыздын мүчөсү, эли-журтубуз аман болсун», - деди ректор Кудайберди Кожобеков.
ОшМУда бул илдеттин алын алуу боюнча атайын штаб түзүлүп, эрежелерге ылайык иштер алып барылууда. Учуда университеттин бардык окуу имараттары, жатаканалары дезинфекциялоодон өттү. Буга чейин дозаторлуу антисептиктер университеттин бардык окуу имараттарынын, жатаканаларынын ар бир кабатына коюлуп, пайдалануу эрежелери ар бир окутуучу, студенттерге түшүндүрүлгөн.
Ал эми окутуучулар учурда үйлөрүндө отуруп, студенттер менен онлайн айланышып, сабактарын үзгүлтүксүз уюштурууда.