10:44 26 марта 2020

ОГПИде аралыктан окутуу уланып, студенттер I модулду онлайн тапшырышат

Коронавируска байланыштуу өлкөбүздө жарыяланган өзгөчө абалга ылайык, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге билим берүү аралыктан жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Бул аракеттер Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйруктарынын негизинде окуу жай жетекчилигинин көзөмөлү менен ишке ашып жатат. Мында профессордук-окутуучулар курамы http://ogpi.kg/ сайтынын AVN билим порталы аркылуу жеке кабинетине лекциялык материалдарды, практикалык жана лабораториялык иштердин тапшырмаларын жүктөп, студенттерге маалыматтарды жеткирүүдө. Студенттер да аталган AVN билим порталы аркылуу логин жана паролдорунун жардамында жеке кабинеттеринен окутуучулар жөнөткөн материалдарды алып, шартка жараша аралыктан онлайн жана электрондук түрдө билим алып жатышат.

ОГПИнин AVN маалыматтык системасынан сырткары, социалдык түйүндөр (Whatsapp, Telegram и Facebook), ZOOM сыяктуу видеоконференция өткөрүүнүн программаларын пайдаланып, студенттер менен байланыш түзүлгөн. Окутуучулар электрондук группаларды түзүшүп, студенттерге керектүү материалдарды жиберип, анын негизинде кайтарым байланыштар ишке ашырылууда.

Институттун окуу бөлүмүнүн атайын пландарына ылайык, бардык факультеттерге, колледжге тиешелүү сабактардын расписаниеси окуу жайдын сайтында жүктөлгөн.

Жакынкы күндөрдө студенттердин билимин текшерүү (I модуль) http://ogpi.kg/ сайтындагы тестирлөө аркылуу ишке ашырылмакчы. Мында белгиленген мөөнөттө студенттер логин жана паролдорунун жардамында тестирлөөгө кирип, тиешелүү предметтер боюнча модулдарды тапшыра алышат. Тестирлөөнүн жыйынтыгы ОГПИнин AVN маалыматтык системасына автоматтык түрдө түшүрүлөт.

Ошондой эле окуу адабияттары менен камсыздоо үчүн институт тарабынан төмөнкү сайттар аркылуу базаларга кирүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп берилди:

http://www.biblioclub.ru/

http://www.biblioclub.ru/

http://lib.rudn.ru/

https://lib.kg/

http://www.okuma.kg/

http://bizdin.kg/

https://biblioclub.ru/

https://ibooks.oshsu.kg/

http://library.manas.edu.kg/

Учурда окутуучулар окуткан материалдарына жараша тесттерди даярдап, сайтка жайгаштырууда. Мунун алкагында студенттер жайкы сессиянын I модулун графиктин негизинде кийинки жумадан баштап (30-марттан 10-апрелге чейин) үй шартында тапшыра башташат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть