15:40 26 марта 2020

ОшМУ KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрү менен бирге студенттерге ыңгайлуу жаңы программа иштеп чыкты

Өлкөнүн бардык аймактарында жашаган ОшМУнун студенттери көйгөйсүз онлайн-сабактарга катыша баштады.

Коопсуздук кеңешинин чечимине жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, 16-марттан баштап окуу процессин уюштуруу онлайн-режимине өткөн.

Ош мамлекеттик университети да онлайн билим берүүнү колго алып, алгачкы күндөн тартып ОшМУнун www.oshsu.kg расмий сайтынан жана avn.oshsu.kg дареги аркылуу ОшМУнун электрондоштурулган «Билим берүү порталы», WhatsApp, Instagram, Facebook социалдык тармактары, Moodle, Google Classroom аралыктан ачык билим берүү ресурстары жана Zoom, Skype, Empathy, Linphone, Ekiga, Google Talk видеоконференция уюштуруучу программалар аркылуу билим берип, студенттер менен кайтарым байланыштар болуп келди. Ошол эле учурда бир эле студент 8 предметтен билим алса, 8 окутуучунун түрдүү программалардын кызматын пайдалануу менен билим берип жаткандыгы студенттерге ынгайсыздык жараткан.

ОшМУ М-Вектор уюмунун изилдөөсүнө таянып («Колдонуучулардын 20%ы ноутбук менен стационардык компьютерлерди колдонушат, ал эми аймактарда болсо колдонуучулардын 94%ы интернетке смартфон аркылуу киришет»), мугалимдер менен студенттер аралыктан көз карандысыз байланышып, бирдиктүү системада болуусун эске алуу менен KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрүнө сунуш берилип, бул багытта бирдиктүү программа иштелип чыкты.

Бүга чейин студенттер KelBil тиркемеси аркылуу жадыбалдарды, келишимдик акыларын, окуу жай тарабынан жөнөтүлгөн жарыяларды, өзүнүн жетишүүсү тууралуу маалыматтарды ала алышчу.

Учурда KelBil тиркемеси жаңыланып, WhatsApp группалар аркылуу студенттерге жөнөтүлдү. Play-Маркетте жакынкы күндөрдө жаңы версиясы орнотулуп калат.

Жаңы мүмкүнчүлүктөргө ылайык, сабактардын материалдарын түз эле KelBil программасындагы сабактын расписаниесине илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Жогорудагы көрсөтмө аркылуу расписаниеге сабакта колдонгон бардык каражаттарды шилтеме же pdf форматында тиркөөгө болот. Башкача айтканда, биринчи жолу AVN системасындагы «Билим берүү порталы» менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди кеңири колдоно баштады.

Учурда iBooks.oshsu.kg электрондук китепканасы аралыктан окутууда кеңири пайдаланылууда. ОшМУ тарабынан түзүлгөн электрондук китептердин маалымат базасында 10 миңден дашык электрондук китеп бар. Алгач университеттин окутуучулары, студенттери үчүн гана ачылган. Учурдагы жагдайга байланыштуу өлкөбүздүн баардык аймагында жуманын 7 күн ичинде 24 саат бою аралыктан окуу жайдын китепканасынын электрондук базасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть