Учурда жогорку окуу жайлардын студеденттери дистанттык билим алып жатышат. ОшТУнун студенти Нурзада Кубатбекова аралыктан окутуу кандай жүрүп жатканы тууралуу айтып берди.
«Мен Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин «социалдык иштер» адистигинде 1-курста бюджеттик негизде билим алам жана тайпанын старостасымын. Учурда Ала-Бука районунун Өрүктү айылында ата-энемдин, бир туугандарымдын жанындамын. Өлкөбүздөгү өзгөчө кырдалга байланыштуу окуубузду үзгүлтүккө учуратпай, аралыктан билим алып, бирге окуган тайпалаштарымды да аралыктан билим алууга үндөп жатам. Аралыктан билим алууда Zoom конференциясы аркылуу окутуучулар менен байланыш түзүлүп, окутуучулар сабактарды видеосабак түрүндө өтүп беришүүдө. Учурдан пайдаланып, окутуучуларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Учурда биринчи модулдарды онлайн тапшырып, окууга болгон аракетибиз күч. Баарыңыздарды аралыктан билим алууга чакырам. Анткени билимдүү адам гана дүйнөнү башкара алат. Азыр биз 21-кылымда санариптештирүү доорундагы адамдарбыз, уба́ктыбызды бекерге коротпойлу», - дейт студент.