Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда студенттер үчүн куратордук тарбиялык сабактар WhatsApp жана Zoom платформасы аркылуу өтүлүп жатат.
Бул аптадагы тарбиялык сабактарда коронавирус инфекциясынан сактануунун жолдору, онлайн окуу системасындагы студенттердин жетишүүсү туурасында маселелер каралды.
Ал эми окуу процесси 17-марттан баштап онлайн режимине өткөн.