10:30 3 апреля 2020

Ош технологиялык университети студенттер арасында «ОшТУ таланттары» сынагын жарыялайт

Ош технологиялык университети студенттер үчүн жыл сайын уюштурулуучу «ОшТУ таланттары» сынагын быйылкы жылы виртуалдык түрдө жарыялайт.

Сынак 2 этаптан турат. 1-этап апрель айынын ичинде, ал эми 2-этабы май айында болот.

Сынактын талаптарына ылайык, студенттер өздөрүнүн таланттарын видео аркылуу жасап, аралыктан туруп эле социалдык тармактар аркылуу катышса болот. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер коюлган.

Сынактын шарттары:

1. Ош технологиялык университети жөнүндө ыр жазуу;

2. Жазылган ырга оригиналдуу видео тартуу;

3. Сынакка катыша турган видеону What'sapp 0500 193 138 номерине жөнөтүү керек.

Видео университеттин @oshtu баракчасына жүктөлөт.

Эгерде видео көп сандагы көрармандарды, лайктарды жана комментарийлерди чогулта алса, ал жеңүүчү болот. Жеңүүчүлөр үчүн баалуу белек – ноутбук.

Эскертүү: Катышуучулардын талантына болгон баа – эң көп топтогон добушу (Like) менен жыйынтыгы чыгарылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть