К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети коронавирус менен күрөшүү фондуна 203 миң сом которду. Бул тууралуу окуу жайдын ректору, КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Рысек Нургазиев билдирди.
Ошондой эле бул илдетти тартип жана ынтымак менен жеңерибизди белгилеп, «элибизге тынчтыкты жана ден соолукту каалайм», - деген тилегин билдирди.