8:45 6 апреля 2020

ОшМУ «Аралыктан билим алабыз» аталышында видеосынак жарыялады. Байге фонду 60 миң сомду түзөт

ОшМУ байге фонду 60 миң сомдук «Аралыктан билим алабыз» аталышында видеосынак жарыялады.

Сынак аралыктан билим алуунун технологияларын студенттерге жайылтуу, өз алдынча билим алууга үндөө, студенттик тайпаларда онлайн жана дистанттык байланышты күчөтүү максатында уюштурулууда. Ага ОшМУнун бардык факультеттери, коллеждеринин тайпалары катыша алат.

Сынактык видеонун мазмунуна төмөнкүдөй талаптар коюлган:

- «Аралыктан билим алабыз» деген аталыштагы 5-7 мүнөттүк видео (видео студенттердин жеке мобилдик телефондорунда үй шартында тартылгандыктан, мазмунуна гана баа берилет);

- Видеого тайпадагы студенттердин максималдуу санда катышуусу, кураторлордун жана предметтик мугалимдердин катышуусу;

- Видеонун мазмунунда студенттерди аралыктан билим алууга, өз алдынча билим алууга үндөөчү маалыматтардын болушу;

- Аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен өтүлүп жаткан сабактардын фрагменттеринин болушу;

- Студент үчүн аралыктан окуп-үйрөнүүнү өз алдынча уюштуруп алууга кеңештердин болушу.

Сынактын видео материалдары 2020-жылдын 19-майына чейин +996773697044 WhatsApp номери же artykjyldyz@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Байге фонду 60 миң сомду түзөт.

- 1-орун - 25 миң сом.

- 2-орун - 15 миң сом

- 3-орун - 10 миң сом.

Кызыктыруучу сыйлыктарга 10 миң сом бөлүнгөн.

Калыстар тобу ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынан, жергиликтүү медиа кызматкерлерден, интернет блогерлеринен, коомдук активисттерден түзүлөт.

Мыкты деп табылган видеолор ОшМУнун «Үмүт» телестудиясынан эфирге берилет, «Үмүт ТВ» YouTube каналына жайгаштырылат, «ОшМУнун видеолору» архивине алынат. Социалдык тармактарга таратылат.

Сурап билүү үчүн +996775220596 WhatsApp номерине жазууга болот.

Сынак Ош мамлекеттик университетинин ректорунун колдоосунда Социалдык жана тарбия департаменти тарабынан уюштурулууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть