8:04 6 апреля 2020

Өзгөн институтунда онлайн окуу-усулдук семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамына жана кызматкерлерине онлайн-видео форматта кеңейтилген курамда окуу-усулдук семинар өткөрүлдү.

Институттун доценти, т.и.к. З.Зулпуев «Видеоконференцияларды, онлайн-жолугушууларды, чат жана мобилдик биргелешкен жумуштарды аткарууда коммуникациялык программалык каражаттардын артыкчылыктары» аттуу усулдук баяндама жасаса, институттун инженер-программисти Т.Турудмамат уулу жана тажрыйбалуу педагог окутуучу Б.Кайназаров «Билим берүү тармактары үчүн акы төлөмсүз веб-сервистер жана аларды пайдалануу», «Санарип-сабак жана анын учурдагы практикалык мааниси» деген темаларда баяндамаларды жасашып, эмгек жамаатка кеңири түшүнүк беришти. Ошондой эле баяндамалардын негизинде семинардын жүрүшүндө онлайн-режимде практикалык көнүгүүлөр да аткарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть