Кадамжай районуна караштуу Ормош айылылындагы №29 А.Шамурзаев атындагы орто мектебинин мугалимдери каникул учурунда электрондук курстан өтушкөн. Алар Алар «Исхак» окуу борбору менен келишим түзүп, компьютердик билимин жогорулатышты.
Аталган мектептин мугалимдери 90% ноубук, компютер менен камсыз болушкан. Кырдаалга байланыштуу дистанттык билим берүүгө даярдыгын көрсөтүштү.
Окуучулар телеканалдардан видеосабактарды көррүүдө. Андан кийин мектепте түзүлгөн расписениеге ылайык, мугалимдер өзөрүнүн классындагы окуучулар менен ZOOM, Telegram,WhatsApp, Multiurok программалары аркылуу байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, түшүнбөгөн суроолоруна жооп берип, кайтарым байланыш түзүп жатышат.