10:03 14 апреля 2020

КЭУда Россиянын Экономика жогорку мектеби менен биргелешкен онлайн окутуу жүргүзүлүүдө

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети Россия Федерациясынын «Экономика жогорку мектеби» Улуттук илимий университети менен эл аралык кызматташуунун алкагында студенттерди жогорку билим берүү программалары боюнча электрондук окутуу жана аралыктан окутуу технологияларын колдонуп онлайн режиминде окутууга туташтырылды.

Учурда жарыяланган программанын алкагында М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун 1 миңге жакын студенти ЭЖМ УИУнун курстарында билим ала баштады. Алгачкы курстарды адистештирилген кафедралардын окутуучулары тандашты, андан кийин университет тандаган тизмеден студенттер курстарды тандап алышты. КЭУнун студенттери өзүн-өзү обочо кармоо мезгилинде окуу ишыраатынан тышкары кошумча окуу менен ЭЖМ УИУнун 27 онлайн курсун тандап алышты.

КЭУда студенттерге бул маалымат мазмунун алууга мүмкүнчүлүк берүүдөн тышкары, окуу процессин ЭЖМ УИУнун - Университеттин жеке кабинети иштелмесин колдонуу менен уюштуруу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Бул административдик кызматкерлерге платформада курстардын демо-версияларын окуп чыгууга, студенттердин онлайн сабактарга үзгүлтүксүз баруусун жана аралык текшерүүлөрдүн, тесстер боюнча жетишүү натыйжаларын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Курсту өздөштүрүүнүн жыйынтыгы боюнча сунушталган акысыз байланыштын алкагында университет экзаменди өз алдынча уюштурууга тийиш болот, билимди көзөмөлдөө үчүн аралык тесттердин жыйынтыгын колдоно алат.

«Экономика жогорку мектеби» Улуттук илимий университетинин онлайн курстарынын аркасында КЭУнун студенттери кошумча тереңдетилген билим алышат, өзүн-өзү обочо кармоо мезгилинде кесиптик компетенцияларынын жана көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть