18:17 14 апреля 2020

Өзгөчө кырдаалда ОшМУда аралыктан окутуу кандай жүрүп жатат?

Учурда жаралган кырдаалга байланыштуу Ош мамлекеттик университети да дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу аралыктан билим берүүгө өттү.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университетте окуу процессин дистанттык технологияларды колдонуу менен үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүнүн түрдүү чараларын иштеп чыгып, кескин чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык, буга чейин колдонулуп келе жаткан бир катар техникалык-программалык каражаттар модернизацияланды. Аралыктан байланышты үзгүлтүксүз уюштуруу максатында бир катар кызматташтык келишимдери түзүлдү.

Төмөндөгү тизмеден ОшМУда аралыктан билим берүүнү эффективдүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоону уюштурган маалыматтык-коммуникациялык системалар менен таанышууга болот.

KelBil платформасы. Буга чейин бул мобилдик тиркеме студенттер үчүн электрондук расписание жана сабакка катышууну каттаган электрондук журнал катары гана колдонулуп келген. Эми толукталган жаңы мүмкүнчүлүктөргө ылайык, сабактардын окуу материалдарын да түз эле KelBil программасындагы сабактын расписаниесине илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Жогорудагы көрсөтмө аркылуу расписаниеге сабакта колдонгон бардык каражаттарды шилтеме же .pdf форматында тиркөөгө болот. Башкача айтканда биринчи жолу AVN системасындагы «Билим берүү порталы» менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар расписаниеге илген шилтемелерди, окуу материалдарын кеңири колдоно баштады. Ошондой эле аткарган тапшырмаларына мугалимдин кайтарым байланышын, алган упайларын да ушул жактан көрө алат.

AVN корпоративдик маалымат системасы. ОшМУнун AVN маалыматтык системасы окутуучулардын жана кызматкерлердин аралыктан иштөөсүнө ыңгайлаштырылды. Ага ылайык, эми ар бир окутуучу үйүндө олтуруп эле өзүнүн расписаниесин өзгөртүп, тесттик материалдарды жайгаштырып, электрондук ведомостторду текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен толтуруп, студент менен кайтарым байланыштарды уюштура алат. Бүгүнкү шартка жараша студенттин аралыктан билим алуусун уюштуруп берген бардык электрондук окуу материалдар ар бир предмет боюнча AVN системасына киргизилген. Окутуучу тарабынан ар бир студенттин онлайн сабактарга катышкандыгын, тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө жана каттоо, студенттерге кайтарым байланыштарды берүү толук автоматташтырылган.

Ал эми студентке өзү жөнүндөгү бул маалыматтар автоматтык түрдө КелБил программасы аркылуу жөнөтүлүп турат, башкача айтканда, AVN системасы менен КелБил программасы синхрондуу иштейт. Тиешелүү структура жетекчилери каалаган убакытта аталган системага кирип, бул процесстердин өз убагында аткарылышын ийкемдүү көзөмөлдөп, тиешелүү отчетторду чыгара алат.

Корпоративдик почта. Ош мамлекеттик университетинин DATA-борборунда иштеп жаткан mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Эми учурдун талаптарына ылайык, ОшМУнун ар бир окутуучусу (кызматкери) *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу официалдуу университеттин окутуучусу катары башка тараптар менен кат алмашуусуна шарт түзүлдү. Натыйжада университетте ички жана сырткы тараптар менен маалыматтарды ыкчам алмашууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-аракеттери күчөтүлдү.

Ошондой эле ректор тарабынан аталган корпоративдик сервердин жардамында *@oshsu.kg даректеринин ортосундагы ички документ алмашууну официалдаштыруу максатында электрондук кол тамганы коюу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча тишелүү адистерге тапшырма берилип, аз күндө бул мүмкүнчүлүктүн да ишке ашуусу күтүлүүдө.

Видеоконференция-байланыш системасы. Өлкөдөгү болуп жаткан өзгөчө абалда университетте студенттерге онлайн видеосабактарды сапаттуу уюштуруу максатында AVN маалыматтык системасынын вебинарын колдонуу менен бирге Zoom системасы кеңири колдонулууда. Университеттин жетекчилиги карантин мезгилинде окуу процессин талапка ылайык уюштуруу максатында структуралык бөлүмдөрдүн ишмерүүлүгүн сапаттуу, үзгүлтүксүз улантуусун камсыздап, биринчилерден болуп Zoom программасынын жардамында университеттин административдик кеңешмелерин, андан кийин бардык структуралык бөлүмдөрүнүн кеңешмелерин онлайн уюштурууга жетишти. 

Булардан сырткары, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында ректордун талабы менен университеттин өздүк bbb2.oshsu.kg/ деп аталган видеоконференция уюштуруучу байланыш системасы иштелип чыкты. Бул система жогоруда аталган интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, башкача айтканда синхрондук байланышты уюштурууга шарт түзүп, маалыматтарды университеттин Дата-борборунда гана сакталуусуна жол ачты.

Студенттер, магистранттар жана аспиранттар үчүн ОшМУнун 35тен ашуун интернет зоналарына кирүү жана андагы электрондук маалымат ресурстарын колдонуу акысыз болуп калды.

RETEST.KG сайты. Абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо жана алардын даярдыктарын текшерүү максатында колдонулуучу атайын сайт иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000ден ашуун окуучулар RETEST.KG сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерип жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть