19:03 20 апреля 2020

ОшТУда онлайн режиминде семинар-тренинг уюштурулду

2020-жылдын 13-17-апрель күндөрү Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин 150гө жакын профессордук-окутуучу курамына аралыктан окутуунун технологияларын колдонуу менен студенттерге билим берүү боюнча усулдук жардам көрсөтүү үчүн онлайн режиминде семинар-тренинг уюштурулду.

Тренинг учурунда окутуучулар видеосабактарды түзүү, социалдык тармактарда өздүк баракчалар менен иштөө, аралыктан билим берүүдө ыңгайлуу болгон AVN программасын, Google classroom, Zoom, IRecorder, Bandicam программаларын жана алардын мобилдик версияларын тереңдеп өздөштүрүштү.

Информатика, программалоо жана байланыш кафедрасы тарабынан уюштурулган бул иш-чарага жергиликтүү уюмдар да тартылды. Окутуунун бир бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ош, Баткен областтык филиалдарынын санариптештирүү боюнча IT-адиси Тариель Ташибеков алып барып, катышуучулар арасында кызыктуу талкуулар жүрдү. Окутуучулар аралыктан окутууда кездешип жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун үйрөнүштү.

Жыйынтыгында студенттер менен аралыктан байланыш жакшырып, жаңы баскычка көтөрүлгөндүгү, социалдык тармактарда окутуучулар тарабынан жүктөлгөн видеосабактардын санынын кескин түрдө өскөндүгү байкалды. 

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть