15:18 27 апреля 2020

ОшТУда мектеп жетекчилери, мугалимдер, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер менен онлайн талкуу болду

Ош технологиялык университети жана Гуманитардык-технологиялык колледждин уюштуруусу менен мектеп жетекчилери жана мугалимдер менен вебинарда онлайн жолугушуп, аралыктан окутууну уюштуруудагы айрым учурларды талкууга алышты. Талкууда билим берүүдө өз ара карым-катышты күчөтүү, усулдук жактан тажрыйба алмашуу, аралыктан окутуу технологиялары боюнча жардамдашуу маселелери каралды, алдыңкы тажрыйбалардан бөлүшүү боюнча ой-пикирлер, сунуштар айтылды.

Мектеп жетекчилери аралыктан окутуудагы көйгөйлөр менен катар эле окуу жылынын аяктоосуна жакын калганын, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-энелерин кесип тандоо жана окуу жайларга тапшыруу маселелери түйшөлтүп жатканын билдиришти. Окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы тарабынан окуу жай жана адистиктер, окуу процесси, окуу үчүн төлөмдөр жана материалдык-техникалык база тууралуу маалыматтар менен тааныштырышты. Ошондой эле алдыда боло турган абитуриенттерди кабыл алуу жараянындагы күтүлгөн жаңылыктар, кабыл алуу тартиби жана жол-жоболору боюнча кеңири түшүндүрмө жасалды.

Онлайн талкууга Ош облустундагы Араван, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунун жана Ош шаарынын мектептеринин директорлору, окуучулар жана ата-энелер катышты. Жыйынтыгында окуу жай менен мектептердин ортосунда окутулуп жаткан программалар боюнча усулдук көмөктөшүү максатында жакынкы күндөргө орток иш-чара уюштуруу пландалды.

Ош технологиялык университети аймактардагы бардык мектептер менен ушул сыяктуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыкта иш алып баруу үчүн бир топ иш-пландарды иштеп чыгып, аталган пландардын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть