15:20 24 апреля 2020

Өзгөн институту учурдагы эл аралык билим берүү боюнча вебинар уюштурду ​

Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө билим берүү аралыктан жана онлайн режиминде болуп, окшош системада алып барылууда. Ушул максатта билим берүүдө эл аралык тажрыйбаларды пайдалануу үчүн Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту ZOOM конференция аркылуу вебинар уюштуруп, анда баяндаманы ​ Малайзиядагы Паханг университетинин профессору А.Ахмедов жасап, эл аралык билим берүү, жогорку окуу жайлар арасындагы рейтинг жана аккредитация, кош дипломдуулук, академялык мобилдүүлүк, Scopusта жарык көргөн илимий макалалардын артыкчылыктары туурасында Паханг университетин салыштыруу менен кеңири баяндама, суроо-жооп, сунуш-пикирлер менен болуп өттү. Талапка жараша татыктуу, сапаттуу билим берүү, бир канча тилдерди билүүнүн артыкчылыктары туурасында да кошумча маалыматтарды берди. Үч саатка созулган вебинарга институттун профессордук-окутуучулар курамы толук катышып, аягында дагы башка багыттарда биргеликте иш алып баруу туурасында макулдашылды. ​ ​

Маалымат үчүн: Анваржон Ахатжанович Ахмедов /Anvarjon Akhatjonovich Ahmedov (17.04.1973, Өзгөн шаары) - эл аралык деңгээлдеги белгилүү илимпоз, физика-математика илимдеринин кандидаты (1998), профессор, тажрыйбалуу педагог. Өзгөн шаарынан орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. Ташкент мамлекеттик университетинин математика факультетин артыкчылык диплом ​ менен бүтүргөн (1991-1996). Өзбекстан улуттук университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент (1998-2004), ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунда кафедра башчы, доцент (2004-2006), К-ӨУда кафедра башчы (2006-2008), Малайзияда Путра университетинде профессор (2008-2013), Казакстанда Түштүк Казакстан мамлекеттик университетинде профессор (2013), Түркияда Фатих университетинде профессор (2014), Түркияда Сулейман Демирел университетинде профессор (2015), Казакстанда казак айыл чарба-техникалык университетинде профессор (2015), 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Малайзиянын Паханг университетинде профессор болуп иштеп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, студенттерге лекция окуп келет. Билим берүүдөгү үзүрлүү педагогикалык ишмердүүлүгү жана мыкты илимий эмгектери үчүн Мырза Улугбек атындагы ардак грамота (Өзбекстан, 1995), Президенттин ардак грамотасы (Өзбекстан, 1996), Шухрат медалы (Өзбекстан, 1996), Путра университетинин 4 жолу алтын медалы (Малайзия, 2009-2011), Путра университетинин 2 жолу күмүш медалы (Малайзия, 2010, 2014), Паханг университетинин 2 жолу күмүш медалы (Малайзия, 2018) менен сыйланган. 

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть