10:49 27 апреля 2020

ОшМУ менен Назарбаев университети онлайн семинар өткөрүштү

Ош мамлекеттик университетинде илим жумалыгынын алкагында 25-апрелде илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ОшМУнун окумуштуулары, магистранттары, аспиранттары, Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайлардын изилдөөчүлөрү, ошондой эле Венгрия, Россия мамлекеттеринин илимпоздорунун катышуусунда онлайн илимий конференция уюштурулду.

Конференцияда негизги баяндамачы катары ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов «Илимий изилдөө усулдары» деген темада баяндама жасады.

Баяндамадан соң суроо-жооптор берилип, кызуу талкуу жүрдү. Окумуштуулар илим чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди активдүү талкуулашып, пикир алышып, тажрыйба алмашып, көп суроолорго чогуу жооп издешти.

Учурда илимий коомчулуктун алдында көп маселелер турат. «Билим берүү жана илимдин дүйнөлүк мейкиндигине интеграцияланып жаткан ушул мезгилде маселелерди кандай аспектиде чечүү максатка ылайыктуу» деген суроолордун алкагында да кызуу пикир алмашуу болуп, алдыда илимий кызматташуу маселелери белгиленди.

ОшМУда жыл сайын эл аралык илимий конференциялар, симпозиумдар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Учурдагы кырдаалга байланыштуу илим жумалыктарынын алкагында аймактык, эл аралык илимий вебинарлар, видеоконференциялардын цикли өткөрүлүүдө.

Онлайн видеоконференцияны жыйынтыктап жатып ректор К.Кожобеков үстүбүздөгү жуманы университетте «Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгы» деп жарыялады.

26-апрелде ОшМУнун орус филологиясы факультетинде да вебинар уюштурулуп, профессор Д.Шаматов тарабынан «Илимий эмгектерди Scopus, Web of Science системаларына жарыкка чыгаруу» деген темада баяндама жасалды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть