10:59 28 апреля 2020

ОшМУдагы 130 окутуучу жана кызматкерлерге тамак-аш азыктары жеткирилди

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен бириккен профсоюз комитети тарабынан окуу жайда эмгектенген жардамга муктаж 130 кызматкерге учурдагы кырдаалды эске алуу менен гуманитардык жардам көрсөтүлүп, ар бир кызматкерлердин үй-даректерине күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктары жеткирилди.

«Окуу жай тарабынан берилген гуманитардлык жардам алган окутуучулардын жана кызматкерлердин тизмеси ар бир факультеттин, коллеждердин жана лицейлердин профбюролорунун төрагалары жана төрайымдары тарабынан берилген», - деди ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы А.Саттаров.

ОшМУда өзгөчө кырдаал башталган алгачкы күндөн тартып атайын штаб түзүлүп, иш алып барылууда. Буга чейин сунуштарга ылайык, 60 кызматкерге өздөрүнүн эсебинен 1 каптан ун алынып, таратылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть