10:15 1 мая 2020

Өзгөн институтунда онлайн режиминде илимий-методикалык семинар өттү

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун педагогика жана тил илимдери кафедрасы менен Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү биргеликте 2020-жылдын 30-апрелинде Zoom программасында «Башталгыч класстарда жана мектепке чейинки курактагы билим берүү тармагынын актуалдуу маселелери жана аны чечүүнүн жолдору» аттуу онлайн илимий-методикалык семинар өткөрүштү.

Семинарда билим берүү жана тарбиялоо процесси, адистерди тарбиялоодогу компетенциялар жана кесибине болгон кызыгуулар, негизги кесиптик билим берүү программасы ж.б. боюнча баяндамалар, талкуулар болуп, катышуучулар өз ара кызматташуу боюнча чечимге келишти. Ошондой эле иш берүүчүлөр тарабынан бир канча сунуштар айтылды.

Иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурулло Шамаматов, шаардагы мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары, институттагы аталган кафедранын окутуучулар курамы катышты.

Институт менен Өзгөн шаардык бөлүмүнүн ортосунда узак мөөнөттүү иш-чараларды ишке ашыруу боюнча 2024-жылга чейин өз ара кызматташуу меморандуму иштейт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть