9:43 1 мая 2020

Профессор С.Мусаев ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уюштурулган онлайн илимий конференцияда баяндама жасады

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата университетте жарыяланган «Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын» алкагында 29-апрелде онлайн илимий видеоконференция уюштурулду.

Онлайн видеоконференциянын коногу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ф.и.д., профессор Сыртбай Мусаев «Кыргыз тил илиминин ийгиликтери, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору» деген темада баяндама жасады.

Илимий конференцияга ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаева, ОшМУнун окумуштуулары, аспиранттар, магистранттар, студенттер, ошондой эле ОшТУ, КӨУ, ОГПИ, ОшМЮИ, ЖАМУ, БатМУдан окумуштуулар катышты.

Конференцияда кыргыз тил илиминин ийгиликтери, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча кызыктуу баяндама жасалып, суроо-жооп, талкуу менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть