10:01 6 мая 2020

ОшМУда азыркы учурдагы Конституциянын өнүгүүсү боюнча онлайн тегерек стол уюштурулду

5-майда Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 27 жылдыгына карата «Азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өнүгүүсү: көйгөйлөрү жана перспективалары» аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго КР эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, баш мыйзамдын долбоорлорун иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү Чолпонкул Арабаев, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Борубашев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, юридика илимдеринин доктору Турдукан Жумабекова, Ош мамлекеттик университетинин ректору, доцент Кудайберди Кожобеков жана юридика факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери катышты.

Онлайн тегерек столдо баш мыйзамдын тарыхы, азыркы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу жүрдү. Эксперттерге окутуучулар жана студенттер тарабынан суроолор берилип, жоопторду ала алышты.

Иш-чарага студенттер жигердүү катышып, келечектеги юристтер мыйзамдардын кабыл алынышына, иштөөсүнө жана мыйзамдуулуктун сакталышына кайдигер эмес экенин көрсөтүштү.

Онлайн тегерек стол 3 саатка жакын созулду. Иш-чара факультеттин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Гүлсара Кулдышеванын жетекчилигинде өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть