9:30 6 мая 2020

ОшМУ Европа менен Түркияда билим алып жаткан студенттерден кабар алды

ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаменти Испаниянын Кадис университетинде, Германиянын Марбург университетинде, Түркиянын Жумхурият университетинде Erasmus+ программасынын алкагында окуп жаткан студенттер жана Кыргыз-Европа, дүйнөлүк тилдер жана маданият, медицина, математика жана маалыматтык технологиялар, бизнес жана менеджмент факультеттеринин декандары Шүкри Вазирович, Сабыргүл Шамситдиновна, Алымбек Адылбекович, Уланбек Адахимжановичтин, ошондой эле декандардын эл аралык байланыштар боюнча орун басарларынын катышуусунда онлайн видеоконференция уюштурду.

Жыйынды Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев алып барып, студенттердин ал-жайын, окууларын сурап, өз сөзүндө башка өлкөлөр сыяктуу Кыргызстанда дагы окуу процесси 16-марттан бери онлайн режиминде жүрүп жаткандыгын, айырма чыккан дисциплиналарды тайпалаштары менен катар эле аралыктан окуп-тапшыруу мүмкүнчүлүгү бардыгын, бирок ошондой болсо да, кабыл алган окуу жайда сессияны ийгиликтүү тапшырып келүү зарыл экендигин белгиледи.

Андан соң студенттер кепке тартылып, алар өздөрүнүн окуулары, айырма чыккан сабактары, учурдагы жашоо шарттары, тамак-аш менен камсыздалышы, стипендияларды өз убагында алып жатышкандыгы, кабыл алган университеттердин камкордугу, деги эле чет өлкөдөгү карантиндик абал туурасында айтып беришти. Кыргызстан тарыхы, анатомия, физиология сыяктуу дисциплиналарды ОшМУдан дистанттык түрдө өздөштүрүп жатышкандыгын, ошондой эле эки университеттин предметтерин бир мезгилде окууда убакытка байланыштуу бир аз көйгөй бар экендигин кошумчалашты. Мындан сырткары, кайсы предметтерди ОшМУдан окуса боло тургандыгын декандар менен бирге толук түрдө тактап алышты.

Өз кезегинде декандар студенттер менен көзмө-көз пикир алышып, окууга карата мобилдүүлүктө жүргөн студенттерде эч кандай маселе жаралбай тургандыгын, аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө факультеттер даяр экендигин айтышып, чет жерде Кыргызстан, кыргыз эли, ОшМУ жөнүндө жылуу пикир калтырып, окуу жайды дүйнөгө таанытып, ден соолукта болуп, эсен-аман кайра кайтып келүүлөрүнө тилектештигин билдиришти. 

Конференцияны жыйынтыктап жатып директор А.Абдувалиев жардам керек болгон учурда университетке, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, консулдуктарына, Тышкы иштер министрлигинин тийиштүү өкүлдөрүнө кайрылуу керектигин белгилеп, студенттерден тынымсыз байланышта болуп турууларын өтүндү.

Департамент чет өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттер менен видеоконференцияларды регулярдуу өткөрүп турат, мындан 2 күн мурун ушундай эле видеобайланыш Россияда жана Казакстанда окуп жаткан студенттер менен бирге уюштурулган болчу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть