20:41 7 мая 2020

Чолок-Кайыңдагы мектептин окуучуларынын катышуусунда «Комуздун жаралуу тарыхы» аттуу кыска метраждуу фильм тартылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин окуучулары агайы менен биргеликте «Комуздун жаралуу тарыхы» аттуу кыска метраждуу фильм тартышты.

Бул фильмди тартуу идеясын аталган мектептин физика мугалими Орособек уулу Оңолбек окуучуларга сунуштаган. Окуучулар бул идеяга колдоо көрсөтүп, кызыгуу менен тартылып беришти. Жалпысынан фильмдин узактыгы 20 мүнөт, ал эми катышкан актёр-актрисалардын саны 20 чакты болду.

«Мен негизи физика мугалими болуп эмгектенем. Мектепте «Комуз» ийриминен да сабак берем. Негизинен комуздун жаралуу тарыхы жөнүндө легендалар көп. Алардын чындыкка жакын экөөнү алып карайбыз. Биринчиси мергенчи жөнүндө. Ал жөнүндө көптөгөн кыска метраждуу фильмдер соцтармактарда бар. Ал эми биз тарткан фильм экинчи легенданын негизинде тартылды. Мындай фильм, менин оюмча, эч бир жерде чыга элек. Бул легенданын негизинде фильм тартууну мен биринчи мектепте монтажды жакшы жасаган Шакиров Ахмед аттуу окуучуга сунуштадым. Ал экөөбүз окуучулардын актердук чеберчилигин сындан өткөрүп, натыйжада фильм тарттык. Негизинен бул фильмдин тартылышына катышкан окуучулардын эмгеги зор. Фильмди тартуу учурунда көптөгөн кыйынчылыктар, кызыктуу окуялар болду. Эми анын баары артта калды. Фильмди эл сынына койдук. Бардык катышуучуларга, жардам көрсөткөн адамдарга, мектеп администрациясына терең ыраазычылык билдирем», - дейт аталган мектептин физика мугалими Орособек уулу Оңолбек.

Бул фильмди YouTube каналынан https://youtu.be/yPnOCPK3oEk ссылкасы аркылуу же «Комуздун жаралуу тарыхы» деп издеп, көрүүгө болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть