17:16 12 мая 2020

Архитектура университетинде Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайн ачык сабак өтүлдү

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын доценти М.Сулайманкулова, окутуучулар К.Курманалиева жана Сартбай кызы Гүлзат Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата 1-курстун студенттери менен онлайн ачык сабак өтүштү.

Ачык сабактын максаты - Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды даңктоо, согуш ардагерлерине таазим кылып, алардын эрдиктерин эскерүү, арабызда жашап жаткан согуштун ардагерлери жөнүндө маектешүү жана мекен, тынчтык темасында чыгармаларды аткаруу, студенттерге тарыхый окуяларды туура түшүндүрүү.

Ачык сабакта окутуучулар тарабынан Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө жалпы маалымат берилип, андан соң кандуу согушта кыргыз эли да СССРдин башка мамлекеттери сыяктуу эле оор жоготууларга дуушар болгондугу, от кечкен эр-азаматтардын эрдиктери тууралуу баяндамалар берилди. Сабакка жалпысынан 20 студент катышты жана ар бир cтудент өздөрү даярдаган көркөм окууларын, видеобаяндарын, анимация, согуш темасын чагылдырган белгилүү жазуучулардын чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрүн, кан майданга катышкан чоң ата, таяталары жана алардын эрдиктери жөнүндө баяндап, даңктоо иретинде «Жеңиш» темасындагы обондуу ырлардан аткарып беришти.

Сабактын жүрүшүндө ачык сабакка катышып жаткан студент кыздын чоң атасы да онлайн сабакка кызыгып, студенттерге атасынын согушка барып, согуш отун кечип, бир бутунан айрылып келгендиги жана өмүрүнүн акырына чейин айылына кызмат кылгандыгы жөнүндө баяндап берди. Ошондой эле келечек жаштарын мекенчил болууга, эли-жерин сүйүүгө чакырды.

Ачык сабактын жыйынтыгында окутуучулар жаштарга кайрылуу жасап, бүгүнкү жаркын турмушту тартуулаган ата-бабаларыбыздын эрдиктерин унутпай, аларды эстеп, таазим кылууга үндөштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть