9:51 12 мая 2020

ОшТУда «Коронавирус пандемиясынын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири жана кризистен чыгуу жолдору» аттуу темада онлайн-тегерек стол уюштурулду

2020-жылдын 7-май күнү академик М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы «Коронавирус пандемиясынын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири жана кризистен чыгуу жолдору» аттуу темада онлайн-тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столду ОшТУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор А.Абидов, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору техника илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Матисаков жана экономика жана башкаруу факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор А.Артыковд ачып беришти жана тегерек столдун темасы бүгүнкү күндө актуалдуу экенин баса белгилешти. Ошондой эле ОшТУнун илимий иштер жана инновация боюнча проректору айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Б.Шамшиев, илим бөлүмүнүн жетекчилери да онлайн-тегерек столго ийгилик каалап кетишти.

Аталган иш-чарага банк жана салык системасынын, ишканалардын, курулуш компанияларынын, муниципалдык, бизнес чөйрөсүнүн жана айыл-чарба башкармалыгынын жетекчилери чакырылды.

Тегерек столдун негизги максаты – азыркы кырдаалда коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизген таасирлерин ар тармактын адистеринин ой жүгүртүүсү менен кароо жана мамлекеттеги, ошондой эле дүйнөлүк кризистен чыгуу жолдорун талдоо.

Тегерек столду «Экономика жана финансы» кафедрасынын экономика илимдеринин кандидаты, профессор А.Баймуратов алып барып, баяндамачыларга ирети менен сөз берип жатты. Алгач кафедранын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент М.Зикираев келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен, өзүнүн «Пандемия учурундагы Кыргызстандагы абал» аттуу кыскача баяндамасы менен баштады.

Тегерек столдо төмөнкү баяндамалар угулуп, талкууланды:

1. «Пандемиянын ата мекендик банктардын ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири жана антикризистик чаралар» – Шоноев Мирлан Курманбекович, ААК «Халык Банк Кыргызстан-Ош» филиалынын директору;

2. «Өзгөчө кырдаал мезгилинде салык төлөөчүлөргө КР өкмөтү тарабынан жеңилдиктерди кароо чаралары» – Абдырай уулу Асылбек, Ош шаардык мамлекеттик Салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

3. «Пандемия учурунда бизнес чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жана ишкерлерди колдоо боюнча зарыл чаралар» – Эсеналиев Орозалы, Курулуш материалдарын кайра иштетүү жана сатуу боюнча “Байоглиев” менчик ишканасынын жетекчиси;

4. «Компаниядагы көйгөйлөр жана батирлердин наркын азайтуу шарттары» – Абдыкайымов Самат, «Визион-Групп» Курулуш компаниясынын коммерциялык директору;

5. «Кыргызстандагы азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу: көйгөйлөр жана чечүү мүмкүнчүлүктөрү» – Атабаев Уланбек Камилжанович, Ош облустук Айыл чарба өсумдүктөрүн экспертизациялоо борборунун башкы адиси.

Чакырылган жетекчилер азыркы кырдаал учурундагы өздөрүнүн тармактары боюнча кыскача баяндама жасашты. Баяндамалар кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен аяктады. Тегерек столго жалпы 80ге жакын окуу жайдын профессордук окутуучулук курамы жана студенттери катышышты. Катышкан студенттердин негизги бөлүгүн ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин Экономика багытында окуган алдынкы студенттери түздү.

Тегерек столдун темасынын жана андагы баяндамалардын темаларынын актуалдуулугуна, мазмундуулугуна, андагы көтөрүлгөн көйгөйлөргө, айтылган ойлор жана сунуштарга, ошондой эле берилген суроолор менен жооптордун мазмундуулугунун натыйжасында эксперттик илимий көз караштын негизинде төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды:

1. Коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен жапа чеккен калкка, экономиканын баардык тармактарындагы өндүрүштүк жана бизнес чөйрөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү менен Өкмөт тарабынан жеңилдиктерди берүү сунуштары мезгил талабы экендиги белгиленсин.

2. Билим берүү тармагындагы ЖОЖдор менен атайын орто окуу жайларындагы онлайн-ZOOM программасы аркылуу өткөрүлүп жаткан сабактар, конференциялар, тегерек столдор ж.б иш-чаралардын усулдук ыкмаларын мындан ары өркүндөтүү баардык тармактарга жайылтылсын.

3. Азык-түлүк, тамак-аш коопсуздугу программасын кайра карап чыгуу менен элдин саламатчылыгына тыкыр көз салып туруу жана пандемияга каршы эмдөө иштерин көзөмөлгө алуу сыяктуу иш-чаралардын жүргүзүлүп турушу күчөтүлсүн.

5. Чет элдик финансылык уюмдар менен экономикалык алакаларды чыңдап, инвестиция тартуу, гранттык жана мамлекеттик сырткы карыздарды пролонгациялоо маселелерин чечүү жагын кароо сунушталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жүргүзүп жаткан акча- кредиттик саясатынын негизинде сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылуу, инфляциялык өсүштүн деңгээлин төмөндөтүү менен баа саясатына олуттуу көңул бурулушу камсыз кылынсын.

7.Кыргызстандын экономикасын мындан ары өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен 2020-2025-жылдарга карай стратегиялык программалар кабыл алынсын.

8. Ушул тегерек столдун резолюцисы тийиштүү мамлекеттик органдарга (сайттарына) жөнөтүлсүн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть