11:16 14 мая 2020

Техникалык университетте онлайн форматында Ачык эшик күнү өтөт

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн онлайн форматында Ачык эшик күнү өтөт. Иш-чараны www.facebook.com/kstu.kg баракчасында трансляциялоо 2020-жылдын 23-майында саат 10:00дө башталат.

Түз эфирде ректор М.Жаманбаевдин расмий кайрылуусу, факультет жана институттардын, ошондой эле колледж жана университеттин IT гимназиясынын презентациясы пландалган. Ушуну менен бирге университеттин Кара-Балта, Токмок, Кызыл-Кыя жана Кара-Көл шаарларындагы филиалдарга да көңул бурулат.

Ачык эшик күнүнүн негизги максаты – жаш адистерди даярдоо багыттары жөнүндө, кабыл алуу жана окутуунун эрежелери боюнча маалымат берүү. Абитуриенттер КМТУнун кампустары менен (9 окуу корпусу, 3 жатакана, бир нече окуу полигондору, өндүрүш борборлору жана стадион) виртуалдык түрдө тааныша алышат. Өзгөчө басым окуудан тышкаркы студенттик жашоого коюлат.

Катышуучуларга өздүк көркөм чыгармачылыктарында жана ар түрдүү деңгээлдеги спорттук мелдештерде өздөрүнүн жөндөмдөрү менен таланттарын көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама берилет. Андан тышкары, катышуучулар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аткарылган студенттердин эң мыкты инновациялык иштелмелерин көрө алышат.

Трансляциянын жүрүшүндө угуучулар менен катышуучулар реалдуу убакыт режиминде Facebook баракчасында өздөрүнүн суроолорун комментарий аркылуу бере алышат, ошондой эле катышуучуларды алдын ала каттоо жана абитуриенттерди кызыктыруучу суроолор https://forms.gle/turuKBHnuU7HaFz66 шилтемеси боюнча кабыл алынат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть