20:46 16 мая 2020

ОшТУда жаш илимпоздордун жана студенттердин аймактык илимий-практикалык видеоконференциясы старт алды

Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде «Илим. Технологиялар. Инновациялар-2020» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин III аймактык илимий-практикалык видеоконференциялары 13-майдан баштап старт алды.

Конференция Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо жылына карата илим жумалыктарынын алкагында 2020-жылдын 13-28-май күндөрү өткөрүлөт.

Конференциянын максаты – жаш илимпоздордун жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу, республикадагы жогорку окуу жайлар, илимий изилдөө институттар, өндүрүш мекемелер менен кызматташтыкты кеңейтүү, илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен алмашуу, ааламдашуу шартындагы илимий маалыматтуулукту жогорулатуу, жогорку окуу жайлардын жаш илимпоздору жана студенттери жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча аянтча түзүү.

2020–жылдын 14-май күнү конференциянын пленардык отуруму ОшТУнун илим бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Zoom программасы аркылуу өткөрүлдү. Конференцияны Ош технологиялык университетинин илим жана инновация боюнча проректору, профессор Шамшиев Бакытбек ачты.

Андан кийин конференциянын модератору, ОшТУнун илим боюнча башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Тешебаева Зулумкан конференциянын кадырлуу конокторуна сөз берди: И.И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору, биология илимдеринин доктору Бекболотова Айгүл, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти география илиминин кандидаты, доцент Эркин Токторалиев, ОшТУнун архитектура жана курулуш факультетинин деканы, техника илимдеринин кандидаты, профессор Муса Шабданов. Алар видеокоференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалап кетишти.

«Илим. Технологиялар. Инновациялар-2020» III аймактык илимий-практикалык конференция бүгүнкү COVID-19 пандемия кырдаалына карабастан, жаш илимпоздорду жана студенттерди оnline түрдө бириктирип, Ош технологиялык университетиндеги, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен тааныштырып, жаңы илимий ачылыштарды, технологияларды, инновацияларды жайылтууга чакырды.

Бул конференция салтка айланып, жыл сайын апрель, май айларында Ош технологиялык университетинде өткөрүлүп келүүдө. Конференциянын пленардык отурумуна жалпы 100гө жакын окуу жайдын жана И.И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин Сулуктү институтунун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ош Кыргыз-Өзбек университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жаш илимпоздору, студенттери жана профессордук окутуучулук курамы активдүү катышышты.

Белгилеп кетсек, аталган конференция илимий жумалыктарынын алкагында 13-28 майга чейин улантылат, 34 секция иш алып барат, 9 илимий багыттар боюнча өткөрүлүүдө:

1. Региондордо санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери;

2. Кибернетика, маалымат технологиялар, өлкөнү санариптештирүүнүн көйгөйлүү маселелери;

3. Транспорт жана тейлөөнүн технологиясы;

4. Курулуш, дизайн жана архитектура;

5. Технология жана жаратылышты пайдалануу;

6. Электроэнергетика жана жаңы энерготехнологиялар;

7. Экономика жана башкаруу;

8. Табигый-техникалык илимдер;

9. Социалдык-гуманитардык илимдер.

Конференциянын пленардык отурумунда 18 илимий баяндама жасалып, суроо-жооп, кызуу талкуулар менен коштолду.

Конференциянын аягында жогорку окуу жайлардын окумуштуулары жана студенттери менен кызуу талкуу жаралып, И.Раззаков атындагы КМТУнин профессору, б.и.д., профессор А.Бекболотова, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, г.и.к. Э,Токторалиев, ЖаМУнун ага окутуучусу А.Болотова, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун директорунун орун басары, ага окутуучу А.Абдиева, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директору А.Акматалиев, ОшТУнун профессору, ф-м.и.д. А.Сатыбаев жана башкалар сөзгө чыгып, пленардык отурумдагы баяндалган илимий баяндамалар боюнча өздөрүнүн ойлору менен бөлүштү, алар видеокоференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, COVID-19 илдетинен тезирээк арылып кетишти каалап кетишти.

Конференцияны илим жана инновация боюнча проректору айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Б.Шамшиев жыйынтыктап, эң мыкты баяндамалардын авторлору ОшТУнун I, II, III даражадагы дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланаарын жана илимий баяндамалары конференциянын атайын илимий жыйнагында жарыяланышын белгилеп кетти.

Республикадагы, аймактагы жогорку окуу жайлар жана илимий изилдөө институттары менен биргеликте тажрыйба алмашуу жана илимий изилдөө иштерди кеңейтүү керек экендигин жана студенттердин, жаш илимпоздордун илимий иштери Кыргыз Республикабыздын өнүгүүсүнө чоң мааниге ээ экенин белгилөө менен бирге конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть