Билим берүү жана илим министрлиги Улл Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөргөн онлайн фестивалдын жыйынтыгы чыкты.
Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Түрк факультетинин 1-курсунун студенти Кеңешбек кызы Уулкан мыкты монолог айткандыгы үчүн 2-орунду жеңип, планшет утуп алды.
Ал эми 50 студент катышкандыгы үчүн жана чыгармачылыгын көрсөткөндүгү үчүн дипломдор менен сыйланды. Бул тууралуу министр онлайн акыркы коңгуроо аземинде жарыялады.