9:39 2 июня 2020

1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо куну

Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарындагы №5 Бабажан Айтматов атындагы гимназия мектебинде 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата «Балдар – биздин келечегибиз» деген аталыштагы иш-чара аралыктан өткөрүлдү.

1-4-класстардын окуучулары арасында башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Р.Абдикаримованын уюштуруусу астында 3 бөлүмдөн турган иш-чара  өттү:

1. Мугалимдердин, ата-энелердин куттуктоолору;

2. «Биз тынчтыкта жашайбыз» деген темада сүрөт сынагы;

3. «Бактылуу балалык» деген темада концерттик программа.

Башталгыч класстардын мугалими Г.Анарбаева тарабынан видеоролик даярдалды. Ошондой эле 1-6-класстар арасында сүрөт сынагы уюштурулду. Ошондой эле мектептин соцпедагогу Ш.Акматова тарабынан балдарды колдоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында видеослайд даярдалып, маалыматтар класс жетекчилер тарабынан ар бир класска жеткирилди.

Сынакка активдүү катышкан окуучуларга мектеп жетекчилиги жана класс жетекчилер тарабынан ыраазычылык айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Кадамжайдагы Б.Айтматов гимназиясында кыргыз жана орус элдеринин каада-салты боюнча иш-чара өткөрүлдү

Баткен шаарындагы Б.Айтматов гимназиясында көп тилдүү билим берүү программасы боюнча иш-чара өткөрүлдү

Кадамжайдагы Б.Айтматов гимназиясында акыркы конгуроо салтанаты онлайн форматта өткөрүлдү

Кадамжайдагы №5 Б.Айтматов мектеп-гимназиясында Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка аралыктан өткөрүлдү

Кадамжайдагы Б.Айтматов мектеп-гимназиясында акыркы коңгуроого арналган вебинар өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть