Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен биргеликте Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынан кабар алды.
Калаа башчысы менен биргеликте окуу жайдын ректору балдарды майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерди тапшырды.
Ошол эле күнү шаар тургундары бир туугандар Нурманжановдордон кабар алып, университеттин эмгек жамаатынын атынан балдарды майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды.