12:57 8 июня 2020

ОГПИде бүтүрүү аземи онлайн белгиленди

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда бүтүрүучүлөрдү узатуу салтанаты онлайн түрдө болуп, болочоктогу агартуучуларга расмий турдө куттуктоолор айтылды.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигининин тиешелүу буйруктарына ылайык, өлкөдөгү бардык билим берүү тармактарында иш-чаралар аралыктан уюштурулуп жатат. Мунун алкагында ОГПИде да «Ак жол сага, бүтүрүүчү!» деген аталышта онлайн коференция уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, факультеттердин декандары жана жогорку билим берүү, орто билим берүү адистигинин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алгач окуу жайдын ректору Б.Зулуев бүтүрүүчүлөрдүн келечек жолуна байсалдуу сапар каалап, мыкты кадр катары өз билимдерин турмушта колдонуп жүрүшүнө тилктештигин билдирүү менен жалпы эмгек жамааттын атынан кызуу куттуктоосун билдирди. Бул менен катар ректор жалпы бүтүрүүчүлөргө кайрылып, коомдо жаралган жагдайга ылайык, мантия кийип, студенттик сахнада акыркы ирет концерт тартуулоонун ордуна мынтип үй шартында онлайн бүтүрүү аземине дуушар болуп жатканын туура түшүнүү менен кабыл алып, болуп жаткан апаатты биргеликте колдоо көрсөтүү менен жеңүү керектигин белгиледи. Ошондой эле студенттердин атынан да өкүлдөр өз ойлорун айтышып, окуу жайга, эмгек жамаатка өз ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп менен коштолуп, бүтүрүүчүлөр бир нече суроо, сунуш, ой-пикирлери менен кайрылышып, окуу жай жетекчилиги тарабынан ачык жоопторду ала алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть