10:25 8 июня 2020

ОшМУнун бир катар окутуучулары «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана ардак грамоталар менен сыйланышты

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү иштеп, билим берүүдө, илимде сиңирген эмгектери, коомдук турмуштагы көрсөткөн активдүүлүктөрү үчүн бир топ окутуучулар жана кызматкерлер «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, ОшМУнун ардак грамотасы, акчалай сыйлыгы, алкышы менен сыйланышты.

Сыйлоо аземи университеттин башкы имаратында өттү. Сыйлыкты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тапшырды.

«Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен төмөнкү окутуучулар сыйланды:

- Сайипбекова Анара Мурадовна - Математика жана информациялык технологиялар факультетинин «Информатика» кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору;

- Айдаралиев Эгемназар Калбиевич - Табият таануу жана география факультетинин «Зоология жана экология» кафедрасынын улук окутуучусу;

- Жалалова Гүлбарчын Турдалиевна- Медициналык колледждин «Терапиялык дисциплиналар» кафедрасынын башчысы, улук окутуучу;

- Асилбек кызы Жыпара - Финансы-юридикалык колледжинин «Финансы жана банк иши кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты;

- Жаркынбаев Таалайбек Жумабаевич - Юридика факультетинин «Социалдык иштер» кафедрасынын башчысы, доцент, теориялык илимдердин кандидаты;

- Карабалаева Гуляим Дадиевна - «Билим» лицейинин математика мугалими;

Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды:

- Маматова Сабирахон Мирзаевна - Эл аралык медицина факультетинин «Клиникалык дисциплиналар» №1 кафедрасынын башчысы доцент, медицина илимдеринин кандидаты;

- Турсунбаева Айнура Турдубековна - Медицина факультетинин «Табигый илимдер дисциплиналары» кафедрасынын улук окутуучусу.

- Арипов Ниязалы Турдалиевич - Теология факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, доцент, теология илимдеринин доктору;

- Болотакунова Гүлзат Жолдошбековна - Орус филологиясы факультетинин «Орус тилинин практикалык курсу жана кеп маданияты» кафедрасынын башчысы, доцент, филология илимдеринин кандидаты;

- Рахимбаева Гульгена Абдуллаевна - Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин «Англис тили» кафедрасынын башчысы, улук окутуучу;

- Козукулов Тимур Алимбекович - Кыргыз-Түрк факультетинин деканы, доцент с. и. к.

- Азимова Жамийла Чомоевна - Эл аралык мамилелер факульеттинин «Эл аралык мамилелер» кафедрасынын улук окутуучусу;

- Сатыбалдиева Чыныхан Топчубаевна - Чыгыш таануу жана тарых факультетинин «Чыгыш таануу» кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты;

- Кулатова Айнура Орунбековна - Педагогика, психология жана дене-тарбия факультетинин «Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы» кафедрасынын улук окутуучусу;

- Идаев Бекмурза Дуйшоевич - Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин «Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы» кафедрасынын доценти;

- Алиева Канышай Уларовна - Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин «Башталгыч , мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы, психология» кафедрасынын улук окутуучусу;

- Кошатова Гүлзат Турдалиевна - Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин «Клиникалык дисциплиналар» кафедрасынын башчысы, окутуучу;

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть