10:53 8 июня 2020

ОшМУда Ачык эшиктер күнү онлайн форматта өткөрүлдү

Пандемияга байланыштуу Ош мамлекеттик университетинин Ачык эшиктер күнү онлайн режимде өттү.

Иш-чарага орто мектептердин мугалимдери, ата-энелер, Россия, Индия жана кошуна Өзбекстандан бүтүрүүчүлөр катышты.

Келечектеги студенттер менен онлайн баарлашуу 3 тилде өтүп, аны ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков алып барды. Анда окуу жайга 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болуп, кесипти туура тандоо жөнүндө айтылды. Бүтүрүүчүлөр окуу жайга кабыл алуунун шарттары, келишимдик акы, ОшМУда окуу менен бирге чет өлкөдөн билим алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроолорго жооп алышты.

Ачык эшиктер күнүнүн экинчи бөлүгү окуу жайдын факультеттеринде уланды.

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлүп, 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болуп өзгөртүлгөн.

Окуу жай Кыргызстанда биринчилерден болуп 2011-жылы санариптик технологиялардын жардамында автоматташтырылган окутуу жана башкаруу сиситемасын ишке киргизген.

Учурда ОшМУнун алдында 19 факультет, 2 институт, 4 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору, 11 жатакана, 2 медициналык клиника, 18 ачык типтеги спорт комплекси бар.

Университеттин ректору К.Кожобековдун абитуриенттерге кайрылуусу төмөнкү шилтемеде: https://www.youtube.com/watch?v=n6sd6Uvs8po&feature=emb_logo

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин факультеттери жөнүндө даярдалган промороликтерди жана толук маалыматты http://priem.oshsu.kg/ сайтынан көрүүгө болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть