9:55 19 июня 2020

ОшМУнун ректору Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

ОшМУнун студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде Франциянын жогорку окуу жайларында билим алышат. Мындай маалымат 8-июнда Ош мамлекеттик университенинин ректору Кудайберди Кожобеков менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Рунун жолугушуусу учурунда айтылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-француз жогорку окуу жайларынын өз ара кызматташуу, ОшМУда француз тилин өркүндөтүү тууралуу сөз болду. Ректор Кудайберди Кожобеков ОшМУ жөнүндө кенен маалымат берип, окуу жайда француз тилин окутууга жана өркүндөтүүгө толук шарт бар экенин айтты.

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 1995-жылы француз тили секциясы ачылган. Бишкектеги Франция консулдугу окуу процессин жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында материалдык көмөк көрсөтүп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть