14:25 16 июня 2020

КЭУда бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоо онлайн форматта өтүп жатат

15-июнда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинде бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоо башталды.

Тесттик сынактардын бир нече варианты даярдалган жана комиссиянын мүчөлөрү тарабынан тандалган вариант бүтүрүүчүлөргө берилет. Университетте биринчи мамлекеттик сынактардын бирин онлайн режиминде бүтүрүүчү курстун студенттери «Экономика», «Бизнес информатика», «Менеджмент», «Туризм», «Маркетинг», «Тышкы экономикалык иш алып баруу», «Коммерция» багыттары боюнча тапшырышат.

Сынак башталганга чейин студенттер паспортторун көрсөтүү менен идентификациядан өтүшөт, андан кийин комиссиянын катчысы мурдатан комиссия тандап алган варианттар боюнча тестен өтүүгө уруксат берет. Мамлекеттик сынактын комиссиясынын мүчөлөрү үйдө болгондуктан, компьютер экрандарынан экзамендин жүрүшүн, студенттердин онлайн тестти тапшырып жаткандыгын видео аркылуу көзөмөлдөп турушат.

Сынактардын мындай форматта өтүшү алыскы райондордо жашаган студенттер үчүн ыңгайлуу. Бул окуу жылында университетти 500гө жакын бүтүрүүчү аяктоо алдында турат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть