11:49 26 июня 2020

ЖАМУда окуу корпустарынын санитардык абалы текшерилди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде учурдагы кырдаалга байланыштуу окуу корпустарынын жана жатаканалардын санитардык абалы текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүү окуу жайдын медпунктунун дарыгери Нурсулуу Ибраимова тарабынан жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда антисептиктер, дене табын өлчөөчү аппараттар менен камсыздалуу жана эшиктердин туткаларына хлорлонгон материалдардын байлангандары көзөмөлгө алынды.

«Жалпы кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында жана коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн бүгүнкү рейдди уюштурдук. Негизинен бардык коюлган талаптар аткарылган. Мындай текшерүүлөр мындан ары да улантылып турат», - дейт Н.Ибраимова.

Рейд окуу жайдын админстративдик чарба боюнча проректору Салмоорбек Уметов, башкы инженер Макамбай Осмонов жана дарыгер Нурсулуу Ибримованын демилгеси менен жүргүзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть