10:25 30 июня 2020

Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Ак жол сага, бүтүрүүчү» аттуу онлайн иш-чара өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Ак жол сага, бүтүрүүчү» аттуу бүтүрүүчүлөр үчүн онлайн режиминде Zoom платформасында иш-чара өткөрүлдү.

Конференцияга ОшТУнун ректору, Инженердик академиясынын академиги, профессор А.Абидов, факультеттердин декандары, профессорлор А.Артыков, Ш.Сайдаматов, факультеттин илимпоз окутуучулары, кабыл алуу комиссиясынын курамы жана институттун бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулар курамы катышты.

ОшТУнун ректору А.Абидов университеттин ишмердүүлүгү, алдыдагы максаттары туурасында кыскача токтолуп, аталган институттун орто кесиптик билим берүү программасы боюнча бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалап, ОшТУ дайыма бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанарын айтып өттү. Ушундай эле каалоо сөздөрдү иш-чаранын коноктору, студенттер, кураторлор да айтып өтүштү.

2019-2020-окуу жылында институтту 7 адистик боюнча 335 студент ийгиликтүү аяктап, анын 8и артыкчылык диплом менен бүтүрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть