19:32 9 июля 2020

ОшМУдагы медиктер элге кызмат көрсөтүп жатышат

Бүгүнкү эпидемиологиялык кырдаалда өлкөбүздөгү бейтапканаларда орундардын жана анда иштегенге медицина кызматкерлеринин жетишпестиги чоң көйгөйгө айланып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. ОшМУда эмгектенген врачтар да өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга каршы күрөшүүдө ак халатчандардын катарларында алдынкы сапта туруп, элге кызмат көрсөтүп жатышат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жалпысынан ОшМУда эмгектенген 30дан ашуун врач обсервацияларда, 20дан ашуун врач изоляцияларда, 30дай врач кабыл алуу пункттарында/ыкчам штабдарда, 300дөн ашуун врач түрдүү медициналык мекемелерде иштеп жатышат.

Ошондой эле ОшМУнун 6 студенттик жатаканасы, 1 медициналык клиникасы март айынан бери обсервация катары пайдаланылып келди. Бүгүнкү күндө медициналык клиника толугу менен covid-19 вирусу менен илдетке кабылгандарды даарылоочу 40 орундуу бейтапкананын функциясын аткарып жатат. Эми университеттин жетекчилиги ОшМУнун 5 жатаканасын covid-19 вирусу менен илдетке кабылгандарды даарылоочу стационардык бейтапкана катары кайра түзүүнү колго алып, бейтаптар үчүн шарттарды түзүү иштерин жүргүздү.

Учурда 500 орундуу бейтапкана даярдалып, анда иштегенге ОшМУдан окутуучулар, ординаторлор, студенттер тартылды. 2020-жылдын 7-июлунан тартып бул бейтапкана шаардагы оорулууларды кабыл алып баштайт.

Шаардагы жана облустун аймактык бейтапканаларындагы медициналык адистердин жетишсиздигин чечүүгө жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде медициналык адистердин резерв тизмеси түзүлдү. Бул тизмеге 35 врач-окутуучу, 120 ординатор, медицина факультетинин 6-курсунун 70 студенти, 10 медайым жазылды. Алар үчүн ОшМУ 2020-жылдын 6-июлунан тартып Covid-19 вирусу чакырган илдетке каршы күрөшүү боюнча кесиптик квалификациясын жогорулатуу вебинарларын уюштуруп баштады.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков бул тизме менен эле чектелбестен, ОшМУда эмгектенип жаткан бардык медициналык квалификациясы бар кызматкерлер үчүн Covid-19 вирусу чакырган оорууга каршы күрөшүү боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатуу вебинарлары мындан ары да уюштурулуп, өлкөдө жаралган оор кырдаалга байланыштуу маселелерди чечүүгө кадрдык, материалдык жана моралдык жардамдарды көрсөтүү улантыла бере турганын айтты. Ошондой эле «ОшМУнун калың жамааты атайын «Элсом» электрондук капчыктарын уюштуруп, ага колдон келген акчалай жардамдарын которуп башташты. «Бул чогулган акчага Ош шаарындагы Covid-19 вирусу чакырган илдет менен ооругандарды дарылап жаткан мекемелерге кычкылтек концентраторлорун сатып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жакынкы күндөрдө бул аппаратка муктаждык жогору болуп жаткан бейтапканаларга алып барып беребиз», - дейт окуу жайдын жетекчиси.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть