10:50 27 июля 2020

Кабыл алуунун I турунда ОшМУга 3635 талон ташталды

Ош мамлекеттик университетинде 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg системасы аркылуу онлайн форматта ишке ашырылууда.

Мындай чечим пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербөө максатында ишке ашкан.

20-июлда башталган кабыл алуунун 1-туру 22-июнь, саат 14:00дө жыйынтыкталды. Ош мамлекеттик университетинде 1-турдун жыйынтыгы менен өлкө аймагындагы ЖОЖдордун ичинен эң көп абитуриенттер талон таштады. ОшМУга жалпы 390 гранттык орун берилсе, 3635 талон ташталган.

Министрлик тарабынан кабыл алынган жогорку окуу жайларга жана орто кесиптик билим берүү мекемелерине онлайн кабыл алуу чечими эң туура чечим болгондугу, абитуриенттердин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачылгандыгы, бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаралып, кабыл алуу ачык-айкын, таза, так болгондугу жалпы калк арасында айтылууда.

«Менин кубанычым чексиз болуп, көзүмө жаш алып турам. Анткени быйыл кызым окууну бүтүп жаткан учурда мындай кырдаал болуп, окуу жайга онлайн тапшыруу жүрөт дегенде аябай тынчсыздандым. Кантип тапшырып, кантип кызым окууга өтөт экен деген ойлор болду. Ошентсе да, мектепте маалымдашкандандай, кабыл алуунун биринчи күнү эле талонун онлайн каттап койдук. Кызым Даткайым ОшМУнун медицина факультетинин дарылоо ишине тапшырган. Убакыт өткөн сайын жогорку упайлар ташталып, кызымдын упайы улам ылдыйлаган сайын кыжалат болуп турдук. Кызым 8-орунда болуп, университеттен чалып: «Документтериңиздерди тастыктаңыздар, кызыңыз Медицина факультетине бюджеттик орунга окууга кабыл алынды», - дегенде, аябай кубандык. Ушундай кырдаалда биздин жагдайыбызды ойлоп, ушундай онлайн кабыл алууну уюштуруп берген Билим берүү министрлигине ыраазычылык айткым келет», -дейт документ тастыктоо үчүн келген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылынын тургуну Жазгул Орозматова.

Ал эми ОшМУнун колдонмо информатика адистигине тапшырган Ноокат районун «Борбаш» орто мектебинин окуучусу Айкөл Мураталиева мындай дет: «Кабыл алуу ачык, так болду. Быйыл бүтүрүүчү катары кандай кырдаал болбосун, бизге шарт түзүп бергендигине ыраазычылык айткым келет. Анткени мен үйдөн чыкпай туруп, өзүм кыялданган университетке, өзүм каалаган адистикке тапшырдым. ЖОЖго тапшырууну каалаган кластташтарым, ата-энелерибиз менен чогуу 2 күн бою бул сайтты тынымсыз көзөмөлдөп, онлайн сынактын жүрүшүн көрүп жаттык. Башында онлайн кабыл алуу болот десе, анчейин ишенбей турган элем. Бүгүн минтип окууга кабыл алынгандыгымды сайттан көрүп, кубанычым өзүмө батпай турат. Буйруса, эл керегине жараган мыкты адис болом деп сөз берем». Айкөл негизги тесттен 180 упай, кошумча предметтик тестирлөөдөн тарых боюнча 87 упай, физикадан 61 упай топтогон.

2-тур 27-29-июль, 3-тур 3-5-август күндөрү өтөт.

Ар бир тур аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо билим ала турганын тастыктоосу зарыл.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть