Ош технологиялык университетинде жаңы окуу жылы онлайн форматта башталып, 1-сентябрь — Билим күнү онлайн түрүндө Zoom программасы аркылуу белгиленди.
Майрамдык иш-чараны ОшТУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Абдыкадыр Абидов ачып берди. Иш-чарага университететтин жетекчилиги, окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты. Онлайн иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге ОшТУнун материалдык-техникалык базасы тууралуу кеңири маалымат берилип, виртуалдык түрдө окуу жай менен тааныштырылды.