9:23 18 сентября 2020

ОшМУда «Санарип университет» конференциясы жыйынтыкталды

ОшМУда «Санарип университет» конференциясы жыйынтыкталды.

Конференцияда пандемия шартында билим берүүнү уюштуруу багытында жасалып жаткан иш-аракеттер, санарип университетти калыптандыруудагы алдыңкы тажрыйбалар көрсөтүлдү.

Иш-чарага президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери катышты.

К.Исаков «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын пандемия кырдаалына ыңгайланышуусу», Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков «Окуу процессин уюштуруу жана башкарууну «Бирдиктүү терезе» принцибинде санариптик трансформациялоо» темасында баяндама жасашты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар «Санарип университет» конференциясында айтылган иштерди жеринде көрүшүп, окуу жайда жаңы курулган имараттар, борборлор, тигүү цехтер, студиялар, медициналык клиникаларынын мисалында санариптештирүү тажрыйбасын көрүшүп, Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу менен таанышып чыгышты.

ОшМУда өткөн конференция тууралуу Ж.Саралаева мындай пикирин билдирди: «Бүгүнкү ОшМУда өтүп жаткан конференция учурдун талабы. Санарип учурдун актуалдуу темаларынын бири болгондуктан, кыргыз өкмөтү бул багытта көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барууда».

«Санарип университет» конференциясы Аймакты өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүүнү санариптештирүү боюнча сунушунун негизинде өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть