13:20 24 сентября 2020

ОшМУда «Сабаттуулук — кыргыз тилин өнүктүрүүнүн башаты» аталышында онлайн конференция уюштурулду

Ош мамлекеттик университети Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору менен биргеликте 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата «Сабаттуулук — кыргыз тилин өнүктүрүүнүн башаты» аталышында онлайн конференция өткөрдү.

Конференция министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 9 айлык планына ылайык уюштурулду.

Алгач ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, тилибиздин улуулугун белгилеп, университетте бул багытта аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Конференцияны ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору Улукбек Омокеев алып барды.

«Сабаттуулук — эне тилдин жүзү» (жазууда көп кетирилген орфографиялык, пунктуациялык каталар тууралуу) филолгия илимдеринин доктору, профессор Жаанбай Элчиев, «Колдонуудан чыгып бараткан сөздөрдү активдүү лексикага кошууда интернеттин ролу» (унутта калып бара жаткан көөнө сөздөр, макал-лакаптар, фразеологизмдер тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жүктөгөн постторунун мисалында) филолгия илимдеринин кандидаты, доцент Аттокур Жапанов, «Иш кагаздарын туура жазуу жогорку сабаттуулукту талап кылат» (иш кагаздарында кетирилген каталар, иш кагаздарынын реквизиттери тууралуу) филолгия илимдеринин кандидаты, доцент Майниса Кошуева, «Сабаттуулукка окуткандардын сабаты» (ЖОЖдордун, АОЖдордун кээ бир мугалимдери, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрүнүн сабатсыздыгы тууралуу) публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаевдер баяндама жасашты.

Баяндамалар суроо-жооптор менен коштолду. Көпчүлүк катышуучулар мамлекеттик тилдин учурдагы айрым маселелерине кайрылып, мындай талкуулардын көбүрөөк уюштурулушун сурашты.

Билим берүү жана илим министринин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 9 айлык планы боюнча маалымат берип, бул иш-чара токтоп калбай, ар ай сайын суроо-талаптарга ылайык, ар башка темада, ар башка ЖОЖдордо уюштурула тургандыгын белгилеп өттү.

2 саатка созулган конференциянын соңунда сунуш-пикирлерди эске алуу менен резолюция кабыл алынды.

Конференция университеттин Фейсбуктагы баракчасынан түз алып берилип, Zoom платформасы аркылуу уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть