17:45 28 сентября 2020

ИИМ Академиясында ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча конференция өттү

Э.Алиев атындагы ИИМ Академиясында мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата «Кыргыз Республикасынын ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү» деген темада илимий-практикалык конференция онлайн режиминде өткөрүлдү.

Конференциянын ишине КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Асылбек Орозов, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ибраимова, Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун мамлекеттик тил боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Шаршенбаев, Юридикалык универсиеттин Мамлекеттик тил борборунун башчысы М.Расулова, ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Орозакунов жана Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ИИББдин өкүлдөрү, ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, ИИМ Академиясынын жана атайын орто мектебинин профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Конференциянын жүрүшүндө ички иштер органдарынын системасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери жана аны окутуунун көйгөйлөрү, жагдайлары, ар түрдүү себептери талкууланды, ИИОдо иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери каралып, тилдин өнүгүшү боюнча алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер сунушталды.

ИИМ Академиясынын курсанттарына жана студенттерине курстук иштерди, дипломдук иштерди, рефераттарды мамлекеттик тилде даярдалуусун жакшыртуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын профессоордук-окутуучу курамы, юристтер жана филолог-лингвисттер менен биргелешип, жумушчу топ түзүп, бирдейлештирилген юридикалык терминдердин сөздүгүн иштеп чыгуу, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги, Юридикалык университети жана ИИМ Академиясы менен биргеликте иш алып барууну уюштуруу, ИИМде бекитилген иш кагаздарынын үлгүлөрүн ИИОдо жана күч түзүмдөрүнүн тармактарына жайылтууну улантуу сыяктуу сунуштамалар иштелип чыккан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть